Бүгүнтөн тарта 28-июлга чейин Балыкчы-Каракол унаа жолунун Тамчы-Бостери бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганына байланыштуу жолдор жабылып, унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет.
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы элди мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга жана жол эрежелерин сактоого чакырат. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларына Ысык-Көлдүн тескей жолу аркылуу каттоону өтүнүшөт.