27-июлга караган түнү Ахунбаев менен Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Мас абалда башкарып бара жаткан айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин милиционерлер колго түшүргөн. Бул тууралуу Спутник.кг агенттиги жазды.

Кадрдан кишинин жолдо бир жыгылып, бир туруп качып, ал эми артынан бир нече адамдын кууп келе жаткандыгын көрүүгө болот. Бир аздан кийин алар берки кишини кармаган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы бул факты болгондугун тастыкташты.

“Ford Focus Ахунбаев менен келе жатып, каршы тилкеге чыгып, аз жерден маңдайындагы Honda Stream менен кагышып кала жаздаган. Андан соң Ford Focus автоунаасынын 35 жаштагы айдоочусу трассадан чыгып, бетонду сүзүп, автоунаадан түшө калып качкан”, — деп милициядан айтып беришти.

ЖКККББдан айдоочунун бул окуясын көргөн күбөлөр ошол жерден алыс эмес жерде жүргөн милицияга кабар бергендигин айтышты. Алар жетип келип, качып бара жаткан айдоочуну кармашкан. Медициналык текшерүү кишинин мас экендигин аныктаган. Кырсыктаган  унаа айып короого токтотулуп, факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: sputnik.kg