Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Эмомали Рахмон менен жылуу учурашты.

«Сиздин келишиңиз өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн  кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков анын иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз. Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти „жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Эмомали Рахмондун колдоосу менен чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөнүн белгиледи.

«Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп  берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларыгнын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын  делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: