Шаар тургуну “Тазалыктын” айымдарына гүл тартуулады (сүрөт)

218

Бишкектик Евгений Николаев “Тазалык” муниципалдык ишканасында иштеген аялдарга гүл тартуулады. Николаев аялзатынын шаар үчүн жасап жаткан эмгектерин баалап, аларга гүл менен ыраазычылыгын билдирүүнү чечкен.

Менин жашоомдун философиясы төмөндөгүдөй. Эгерде элге жардам берүүгө шартың болуп турабы, анда жардам бер. Алардын жашоосуна шаң тартуулоого мүмкүнчүлүк болуп жатабы, анда көңүлүн көтөр “,-дейт шаар тургуну.

Евгений Николаев өзү 45 жылдан бери гүл өстүрүү менен алектенет. Ал буга чейин дагы “Бишкексууканалдын” аял кызматкерлерине гүл менен ыраазычылыгын билдирген.

Муниципалдык ишкана шаар тургунунун көңүл жылыткан мамилесине рахматын айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь