26-июлда Бишкек шаарынын Токтогул-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды салгычтын жанында белгисиз жаран эс-учун жоготуп жатан. Аны жеринен Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери жолдо өтүп бара жатып көрүп калган.
Милициялар дароо алгачкы медициналык жардам көргөзүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 1980-жылы туулган У.А. туруктуу жашаган жери жок экендиги аныкталды.