1947-жылы Герберт Делейгл аттуу киши ресторандардын биринде тейлөөчү кызды жактырып калган. Эркек киши ал жакка дайыма барып турууну адат кылып, акыры Мэрилинди жолугушууга чакырат.

Кийин эки жаш бирин-бири катуу сүйүп үйлөнүшүп, 71 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. Түгөйлөр бактылуу карылыкка бирге жетип 16 небере, 25 чөбөрө жана 3 кыбыраны көрүштү.

Тилекке каршы абышкасы Герберттин ичээр суусу түгөнүп 12-июль күнү 94 жашында дүйнө салды. 88 жаштагы кемпири Мэрилин бул оор кайгыны көтөрө албай абышкасынын артынан 12 сааттан кийин эле каза болгон.

Түгөйлөрдүн өмүрү жомоктогудай аяктады деп жазат чет элдик басылмалар.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: