Жээнбеков Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушту (сүрөт)

200

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти.

Мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.

Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.

«Бизди Россия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат.  Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Россия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эске салгандай, Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн ректорлорунун Форуму, ошондой эле региондордун Форуму өттү, жалпы суммасы 6 млрд АКШ долларынан ашкан макулдашууларга кол коюлду.

Президент маектешүү учурунда өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгиледи. «Улуу жазуучу гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, биздин атактуу жердешибиз Чынгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгинде иштегенди жакшы көргөн. Анын „Ар бир адамдын алдында милдет бар — ал бүгүн, эртең жана ар дайым адам болуу“ деген сөздөрү ар бирибиз үчүн актуалдуу. Бүгүн Көл боюнда Кыргызстандын жана Россиянын лидер жаштары чогулушту. Силер бүгүн тарых жасап жаткан жаштарсыңар. Силер биздин өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташуу салттарын улантасыңар деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Мага сиздердин Форум ийгиликтүү өткөнүн, билим берүү, маданият, туризм багыттары талкууланганын, элет жаштарынын региондорду өнүктүрүү ишиндеги ролу

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь