Ош шаарында бейтааныш жигит соодагер аялды тапанча менен коркутуп, 69 миң сомдук алтын буюмдарды карактап кетти. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
15-июль күнү Ош шаарынын тургуну (аял киши) Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнө арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, ал 15-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарындагы «Насип-Голд» зергер буюмдар сатылган дүкөнүндө отурганда бейтааныш жигит ага тапанча такап, коркутуп, 69 миң сомго бааланган алтын буюмдарын карактап кеткен. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүшкөн жана күбөлөрдү аныктап, каракчылык фактысы боюнча материалдар топтолгон. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн (каракчылык) негизинде катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Жабырлануучуга денесинен алган жаракаты боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ошол эле күнү шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 2001-жылы туулган тургуну А.Э.А. кармалып, анын жанынан жабырлануучунун алтын сааты жана травматикалык МР-79-9ТМ үлгүсүндөгү тапанча табылган.
Учурда шектүү суралып, тергөө иштери уланууда. Ошондой эле Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын тандап, аны 2 айга камакта калтырган.
Аталган жарандан жабыркагандар болсо Ош ШИИБге 03222-4-82-82 телефон номуру аркылуу кайрылса болот.