Президент Зеленскийдин пляждагы сүрөтү украиналыктардын жинин келтирүүдө

380

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Богдан менен Одессадагы пляждардын биринде түшкөн сүрөтү украиналыктардын арасында кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

“Өлкөдө согуш, жаш жигиттер өлүп жатат, азык-түлүктүн баасы асманда. Ал эми президент пляжда жыргап жүрөт. Башка сөз жок”, — деп жазды Алексей Черняховский.

“Пляжда тартылган сүрөт. Шаурма менен түшкөн сүрөт. Ниагаранын жанындагы сүрөт. Фонтандын жанындагы сүрөт. Мына сага, президент иштеп жатат”, — деп Валентина Дервисис жазды.

“Хайп үчүн дагы бир хайптын кереги барбы?”, — деп Ольга Косинская суроо салды.

Айрым колдонуучулар мамлекет башчысынын эс алып жатканы кадыресе эле көрүнүш экенин айтып, аны колдогон пикирлерин жазды.

“Порошенконун учурунда деле согуш болгон, бирок ал жашыруун түрдө Мальдив аралдарында эс алчу. Зеленскийдин буга чейин тапкан акчасы Одессада эс алганга жетет. Кишинин эс алууга акысы бар”, — дейт окурмандар.

Булак: Спутник

Комментарии

  1. Great beat ! I wish to apprentice even as you amend your web site, how can i subscribe for a
    blog site? The account helped me a appropriate deal. I had been tiny bit familiar of
    this your broadcast offered vivid clear concept

    My web-site … cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь