Бүгүн 29-июлда Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамды сүзүп, андан соң оодарылып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
61 жаштагы киши кырсык болгон жерден мерт кетип, оодарылып кеткен унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылды. Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин баштады.
Кырсык бүгүн таңкы саат 07:30дар чамасында катталган. Окуянын видеосу “Короче” Telegram-каналына жарыяланган.