Индиянын Лакхимпур-Кхери районунун Уттар-Прадеш штатында сиреномелия оорусу (русалка синдрому) менен ымыркый төрөлдү. Бул тууралуу The Times of India билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ымыркай эки буту биригип төрөлгөн. Жаңы төрөлгөн баланын абалы оор болгондуктан дарыгерлер аймактык ооруканага жиберишкен. Бирок кеч болуп калган. Бала төрөлгөндө өтө алсыз болуп, бир сааттан соң чарчап калган.
Русалка синдрому төрөлгөн 100 миң балдардын бирөөсүндө катталат. Мындай оору менен төрөлгөн балдардын ички органдары жетиштүү деңгээлде өрчүбөгөндүктөн өлүмгө алып келет.