Кыргызстанга эс алууга келген орусиялык альпинист дайынсыз жок болууда

181

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 45 жаштагы орус жараны изделип жатат. ӨКМден билдиргендей, орусиялык альпинист Кыргызстанга эс алганы келген.

Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Аны издөөгө ӨКМдин алты куткаруучусу жана “Горы Азии” туристтик фирмасынын кайрылуусу менен издөө иш-чараларына Ак-Сай Трэвел туристтик компаниясынын 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары тартылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь