ММА мушкери Бексултан Өмүрзаков Бакуда чемпиондук курдун ээси болду

237

Кыргызстандык мушкер Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда өткөн ММА боюнча Ultimax Fight Night турниринде чемпиондук курдун ээси болду. Бул тууралуу  анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров фейсбук баракчасына жазды.

Турнир Баку шаарында 28-июль күнү өткөн. Машыктыруучунун айтымында, кыргызстандык спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде ирандык спортчуга каршы беттешке чыкмак. Белгисиз себептерден улам ирандык спортчу акыркы мүнөттөрдө рингге чыгуудан баш тарткан.

“Биз 100% жакшы беттеш көрсөтүүгө даяр элек. Бул чемпиондук кур Кыргызстандын ММА тармагын өнүктүрүүгө кичине салым болсун“, – деген билдирүү калтырган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь