Момбековду соттон утуп алган Шаршембиев өндүрүлгөн акчаны кайда жумшаарын айтты

162

Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин мурдагы башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго каршы соттон утуп алды. Аткаминер парламентарийди анын ар намысына жана абийирине шек келтирген деп күнөөлөгөн.

Сокулук райондук соту Момбековду Шаршембиевге 25 миң сом төлөп берүүгө милттендиргендиги боюнча, мурдараак белгилүү болгон.

МБжМТКнин мурдагы башчысы  Vesti.kg сайтына, зыяндын суммасы менен макулбу жана каражатты кандай максатта колдоно тургандыгын айтып берген.

Мен өзүм соттук процесске катышканым жок, бирок, депутаттын чечимге макул эмес жана Соттор Кеңешине арыз беремин дегенин ЖМКлардан билдим, – деп айтты Бакыт Нуржанович. – Ал эми зыяндан түшкөн каражат боюнча, башында мен миллион сомго доо арызды берген болчумун. Ал каражаттан мага бир тыйын да кереги жок, мен ал каражаттын бардыгын балдар онкологиясына котормок элем.”-деген Шаршембиев.

Эске салсак, Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин мурдагы башчысы доо арызды 2019-жылдын октоябрь айында берген. Ага депутат Рыскелди Момбековдун, аны 9 кылмыш ишинин фигуранты деп атаганы себеп болгон.

Булак: vesti.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь