Мухаммедкалый Абылгазиев: “Мамлекет атамекендик зергердик өнөр жайды колдоо зарыл”

306

Мамлекет атамекендик зергердик өнөр жайды колдоо механизмдерин натыйжалуу иштеп чыгууга тийиш. Мындай пикирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтын» зергердик заводунун аймагында Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынында билдирди.

Абылгазиев заводду кыдыруу учурунда технологиялык процесс менен таанышып, чынжыр токуучу, механикалык жана куюучу жабдууларды көрүп чыкты.

Өкмөткө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармактын бизнес-ассоциация өкүлдөрүнүн катышуусундагы көчмө жыйынында атамекендик зергердик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр билдиргендей, жакында 2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн Концепциясы бекитилди, анын алкагында бул чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар каралган.

«Атамекендик зергерлер жогорку сапаттуу зер буюмдарын өндүрүүнү жолго сала алышты, алар тышкы рынокто ийгиликтүү атаандаш болуп жатышат. Биздин зергердик өнөр жай кыргыздын зергердик искусствосунун мыкты салттарын жана инновациялык алдынкы технологияларды өзүнө камтыйт. Мамлекет бизнес-ассоциялардын өкүлдөрү менен биргеликте зергердик өндүрүштү колдоонун таасирдүү чараларын, жаңы жумуш орундары кайда ачылат иштеп чыгуусу керек, ал эми биздин компаниялар – тышкы рынокту ийгиликтүү өздөштүрүү менен мамлекеттин экспорттук потенциалын бекемдөөгө тийиш», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь