Казакстандан 300 литр күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган жаран «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма-сөз бөлүмү билдирди.
Берилген маалыматка караганда, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан «Лада» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, багаждын ичинен 300 литр күйүүчү май чыккан. Ал эми унаанын айдоочусунда товарга тиешелүү документтер жок болгон.
Азыркы күндө унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.