Ош-Бишкек жолунда дагы бир жол кырсыгы катталып 4 адам жабыркады (сүрөт)

393

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Билдирүүгө ылайык, Кара-Көл шаарында 28-июль күнү саат болжол менен 16:38де Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь