28-июль күнү эртең менен Ош—Бишкек жолундагы жол кырсыктан унааны ичиндеги адам өрттөнүп кетти. Окуянын жеринде тартылган видеосу “Короче” телеграм каналына жүктөлдү.
Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын 38 жаштагы тургуну Toyota Camry унаасы менен Оштон Бишкекти көздөй бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Honda Stepwgn унаасынын сол капталын сүзгөн. 7 орундуу Honda Stepwgn унаасындагы жүргүнчүлөрдүн бири, андан сырткары жүктөр, документтер кошо күйүп кеткен. Унаанын ичиндеги калган алты жүргүнчү денесинен түрдүү жаракат алып, Токтогул районундагы Үч-Терек аймактык ооруканасына жаткырылган. 7 орундуу унаадагы жүргүнчүлөрдүн бары Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары экени аныкталган.
Ал эми Toyota Camry унаасынын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Андагы үч жүргүнчү жеңил жаракат алып, окуя болгон жерден кетип калышкан.
ӨКМдин куткаруучулары өрт өчүрүү убагында автоунаанын ичинен 1 күйгөн адамдын денесин табып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.