Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканадан качып кеткен 1999-жылкы Азамат Токушев изделүүдө.
20 жаштагы бейтап 2018-жылы соттун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген. Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, издөөгө алынган жаран 27-июлда болжол менен саат 22:00дө ооруканадан качып кеткен.
Токушев Азамат Куралбековичдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча билдирип коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27 , 0 (500) 05-88-06 же “102” кызматына”