26-июлга караган түнү айдоочу Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсү аркылуу бара жатып эки жолу оодарылып кеткен. Анда ал ачык калган кудуктун үстүнөн өткөн. Белгилүү болгондой капкагы жок кудуктун үстүнө бакты коюп, темир менен бастырып койгон.
Бул тууралуу Aziza Mansurova аттуу интернет колдонуучу Facebook социалдык баракчасындагы “Черный список”группасына жазды.
“ Жоопкерчиликсиз жол кызматынын айынан Хапаров Ахмятжан жабыркады. 26-июлга караган түнү Honda Odyssey унаасы жабык эмес, бак коюп койгон кудуктун үстүнөн эки жолу оодарылып кеткен. Айдоочуну кудай сактап аман калды.Жаракат менен ооруканага жаткырылды” деп жазган.