Боомдо таш кулап, унааны жабыркатты (видео)

63

Боом капчыгайында таш кулап, жолдо бара жаткан Toyota Wish үлгүсүндөгү унаага тийген. Кырсыктан жабыркаган унаанын видеосу “Короче” Telegram-каналына жүктөлдү.

ӨКМден кабарлагандай, окуя 29-июлда саат 20:30дар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 140-чакырымында болгон.

Кулаган таштын көлөмү (шагылы менен) 1,5 куб метрди түзөт. Жолдор тазаланып, жабыркагандар катталган жок деп маалымдалат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь