«Бузук автобустарга капиталдык ремонт жасалды деген маалымат жалган». Бул тууралуу айрым маалымат булактарга Бишкек шаарынын автобустар паркынын айдоочуларынан билдирүү келген.

Автобустар тууралуу бизге түшкөн маалыматты тастыктоо иретинде, биздин редакция Мэрия катчылыгына кайрылган. Анда, катчылык бул иш тууралуу түзмө-түз автопарк катчылыгы менен байланышуубузду суранган. Бирок, Автопарктын катчылыгы менен да, мүдүрлүгү менен да байланышуу мүмкүн болгон жок.

Анда, автобус айдоочусу: «Автопарктын башчысы жүрүп турган автобустарды токтоткон, 3 ай болду алардын токтогонуна. Капиталдык ремонт жасадык дегени жалган, талкаланган автобустарды оңдобостон, жүрүп турган автобустарды жасашкан жана мэриядан бул иш үчүн акча алышкан»,-деп билдирди кайдыгер эмес жараныбыз.

Эгерде, айдоочунун маалыматы чын болсо, эмнеге эски автобустар жасалган жок? Жүрүп турган 20 автобустун ичин тазалап, сыртын боёп койгонго эле 350 000 сом кеттиби? Мэрия башкармалыгы бул тууралуу билгенби? Жасалган иштер текшерүүдөн өтөбү? Мэрия жалган маалымат үчүн жооп тартууга даярбы? Мэриядан ырасмий жооп күтөбүз!

Эскерте кетсек, Мэрия 4-июлда колдонууга жараксыз деп эсептелинген 20 автобусту кайрадан жасадык жана маршруттук линияларга коштук деп маалымат жарялаган. Ошондой эле бул ремонт ишине казынадан 350 000 сом каржыланган.

Булак: Informator.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: