Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө алгачкы жолу милициянын көчмө кабылдама автоунаасы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ маалымат кызматынан кабарлады.

ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси ички иштер органдарын реформалоону колдоосунун негизинде пилоттук түрдө киргизилген милициянын көчмө кабылдамасын башкача айтканда, “Тойота-Hiace” үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды.

Бул көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштейт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: