Францияда өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучу жеңишке жетти

292

Франциянын Париж шаарында өткөн химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандык 11-класстын окуучусу коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги №9 мектептин окуучусу Мирхад Чекирбаев IChO деп аталган 53-эл аралык олимпиададан билим деңгээлин сынап, 3-орунга татыктуу болду. Аталган олимпиадага Кыргызстандан Нурсултан Соодонбеков баштаган дагы башка окуучулар катышып, сертификаттар менен сыйланган.

Аталган мелдешке 84 мамлекеттен 330 окуучу барган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь