Американын Индиана штатынын тургуну Жозеф Оберхансли тааныш болуп, катташып жүргөн аялды өлтүрүп, анын мээсин жеген деп айыпталууда. Ал андан тышкары маркумдун жүрөгүнүн жарымы менен өпкөсүн да жегени айтылууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.
Кылмыш иши 2014-жылы болгон. 46 жаштагы Тэмми Жо Блантондун сөөгү үйүндөгү ваннадан табылган. Анын денеси учтуу нерселер менен сайгыланып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сөөктүн жанынан мээни, таштанды челектен көмөч казанды жана канга боёлгон кагаздарды тапкан. Полиция шектүү катары 38 жаштагы Жозеф Оберханслини кармаган. Алгач ал жасагандарын моюндап, бирок кийин айткандарынан баш тарткан. Ал дос кызы көп ичип, бузукулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан.
Оберхансли буга чейин да 17 жаштагы көңүлдөшүн өлтүргөн деп айыпталып, түрмөгө отуруп чыккан. Андан сырткары, энеси менен карындашына да ок чыгарганы айтылат. Эми ал өмүр бою абакка кесилет. Сот иштери 19-августта башталат.