Эсептөө палатасынын башкы инспектору УКМК убактылуу кармоочу жайына камалды

136

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, ал  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан жасалган финансылык мыйзам бузууларды жаап жашырган.

Такталгандай, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн 2019-жылдын 25-июнундагы токтомуна ылайык,  Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору А.Н. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине 2019-жылдын январь-май айларынын аралыгындагы эмгек акыларды жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана ошондой эле кызматтык транспорт боюнча акча төлөмдөрүнүн негиздүүлүгүн текшерүү дайындалган.

А.Н. мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, өзүнүн кызмат абалынан пайланып, текшерилүүчү кызматкерлердин бюджеттик каражатты каржылык мыйзам бузууларды атайын жашырган. Ушуну менен бирге, мамлекеттик аудит өткөрүү боюнча мыйзамды бузуп, А.Н. документтердин копиясына таянып корутунду чыгарганы аныкталды. Эсептөө палатасынын башка инспекторунун кошумча текшерүүсү боюнча, А.Н. жалган корутундусу четке чыгарылып, жогоруда айтылган өлчөмдө каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө жүйөлүү корутунду берилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-июнунда Эсептөө палатанын башкы инспектору А.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМК убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь