Япониядагы катуу ысыктан 11 адам көз жумду

212

Японияда күн катуу ысыгандыктан 22-28-июль күндөр аралыгында  11 адам каза болуп, 5664 адам ооруканага жеткирилди. Бул туурасында РИА Новости Япониянын Өрт коопсуздугунун башкы башкармалыгына таянуу менен билдирди.

Аптаптан улам ооруканага түшүп жаткан адамдардын саны мурунку жумага салыштырмуу 3 эсеге көбөйгөн. Буга Японияда июнь жана июль айынын биринчи жарымында салкын аба ырайынын кескин түрдө ысып кетиши себеп болгон. Японияда соңку 30 жылдан бери алгачкы ирет жайдын ортосуна чейин абанын температурасы төмөн болуп турганы айтылат. Андан соң аба ырайы кескин түрдө жогорулап, 32-35 градуска жеткенде көптөгөн адамдар ооруканага кайрыла башташкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь