Абылгазиев Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

89

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, автопавильондор, тротуарлар каралган. Келишимдин суммасы 70, 24 млн АКШ долларын түзөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоорду каржылоо маселелери жана башка долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор толук чечилген, ал бардык иштерди сапаттуу аткарууну камсыз кы

лууну тапшырды.

«Кыймыл жыш бул жолдо жарандарыбыз кандай ыңгайсыздыктарды тартып жатканын биз билебиз. Аларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кийинки жылы бул жерде тиешелүү жол инфратүзүмү бар, жарыктандыруусу жакшы, суу агызуу курулмалары, унаа токтотуучу жайлары, кеңири тротуарлары бар заманбап трасса болот. Жалданма компаниялардын алдында өтө катуу талаптарды коюп жатабыз. Өкмөт бардык оңдоо иштерин сапаттуу аткарууга зор көңүл бурат жана белгиленген мөөнөтүндө аяктайт», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен долбоорду ишке ашыруу максаттарында тыгыз иштешүү милдетин койду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь