Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси үйүнөн кармалды

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу интернет тармагында жазышууда.

Ал эми “Азаттыктын” кабарчысы мекеменин өзүнө барганда бөлмөнүн эшигине “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын уруксатысыз ачууга тыюу салынат” деген жазууну көргөн. УКМКнын мөөрү басылган кагазда 2019-жылдын 31-июлу деп жазылып турат,”-деп жазылат “Азаттык”  сайтында.

Ал эми бул маалыматтын чын-төгүнү азырынча белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда, Абдыкалыков бүгүн эртең менен үйүндө кармалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь