Бишкек: Жолдо өтүп бара жаткан эки аялды жана жаш кызды унаа сүзүп кетти

137

Бүгүн 31-июлда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаарында эки аял жана жаш кызды унаа сүзүп кетти. Бул маалыматты Кактус.медиага жол коопсуздугунун кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдирген.

Маалым болгондой, окуя бүгүн Жукеев Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Honda HR-V үлгүсүндөгү унаа башка унааларды ашып өтөм деп байкабай жолдо өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында 1966-ж.т. жана 1969-ж.т. эки аялды ошондой эле жаш кыз жабыркаган.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, унаа айып короого токтотулду.

Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь