Сүрөт интернеттен алынды

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жол кырсыгы катталып, унаадагы үч жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирет. Жабыркаган унаанын видеосу “Короче” Telegram-каналына жүктөлдү.

Күбөлөрдүн айтымында жолго шагыл төгүлгөн. Бишкекке бара жатып кырсыкка кабылган унаа шагылдан тайгаланып кетиши мүмкүн деген пикирин айтты видеонун автору.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 31-июлда түнкү саат 03:00дөр чамасында болгон. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, аласалып кеткендигин милициядан кабарлашты.

Унаада беш киши болгон, ичиндеги 47 жаштагы аял менен 11 жана 9 жаштагы эки бала каза болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: