Кыргызстанда бир катар бейөкмөт уюмдар бар. Алардын катарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өлкөдөгү шайлоо системасына, жарандардын укук тууралуу билимин жогорулатуу боюнча иш алып барышат. Бирок айрым учурда дал ушул колиция (бейтарап укук коргоочулар) да өз укуктарын көзөмөлдөй албай калууда.

Маселен өткөн айда тагыраагы 22-июнда “демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 82 мүчө катышкан жалпы чогулуш жасап анын президенти болуп Бакыт Рысбеков бекиген. Бирок буга чейин убактылуу жетекчилик кызматты аркалаган Эрик Ирискулбеков кеңсени, мөөрдү жана башка уюмга тийиштүү буюмдарды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканын Элдик Медиага Бакыт Рысбеков билдирди.

Рысбековдун билдирүүсүнө таянсак Эрик Ирискулбеков буга чейин кайсы бир партияга мүчө болгон. Ал эми 2020- жылы өтө турчу парламенттик шайлоого карата кызмат абалынан пайдалануу үчүн бул кызматты өткөрүп бербей жатышы мүмкүн экенин кошумчалайт.

Себеби 22-июндагы чогулушта жаңы Директорлор кеңеши, Ревизиялык комиссия жана Юстиция министрлиги Рысбековду тааныган.

Ал эми Эрик Ирискулбеков болсо азыркы учурда коалициянын жетекчиси катары өзүн тааныштырып, толук маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок азыркы учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча иш алып барып жатканын жашырган жок.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы мындан 20 жыл мурун түзулгөн. Бул уюмдун миңге жакын мүчөсү, жүзгө жакын өнөктөш уюму бар. Буга чейин бул уюмга башчы болуп Эдил Байсалов жана Динара Ошурахуновалар болуп келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: