Бүгүн 31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралды. Зилалиевдин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу судья Алмаз Коюлбаев соттук отурумду 7-августка жылдырды.

Сот залына Дүйшөнбек Зилалиев өзү катышып, сот жабык эшик артында өттү.

Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: