Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сууга чөккөн 57 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
30-июлда болжол менен саат 14:58де 1962-жылы К.А., аттуу киши Канды айылындагы каналга чөгүп кеткен.
Куткаруучулар жерине жеткиче жергиликтүү тургундары маркумдун сөөгүн каналдан чыгарышкан.