1-2-августта Бишкек шаарында Президентке караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтөт.

Бул жөнүндө Президенттин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын ишине Россиядан, Казакстандан, Катардан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Украинадан, Бириккен Араб Эмираттарынан келишкен мекендештер катышат. Жыйындын ишине онлайн ресурстары аркылуу катышуу да каралган.

Данияр Иманалиев бул Кеңеш мамлекеттик органдар менен чет өлкөлөрдөгү мекендештер ортосунда натыйжалуу диалогду калыптандыруу, алардын түпкү Мекенине кайтып келиши жана мекендештердин өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөнүн белгиледи.

Ал 1-августта Кеңештин жыйыны алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушуусу жана күн тартибине ылайык секцияларда иштөө күтүлүп жатканын баса белгиледи.

2-августта Кеңештин жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат.

Андан тышкары, миграциялык саясаттын башка маселелери да талкууланат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

  1. I was curious if you ever considered changing the layout of your
    blog? Its very well written; I love what youve got to say.
    But maybe you could a little more in the way of content so people could connect with it better.
    Youve got an awful lot of text for only having 1 or two images.
    Maybe you could space it out better?

    Also visit my website :: website hosting companies

  2. Everything composed made a lot of sense.
    However, what about this? what if you added
    a little information? I mean, I don’t wish to tell you how to run your website, but suppose you added a post title that makes
    people desire more? I mean Жээнбековдун төрагалыгы алдында 7 өлкөдөн келген мекендештердин жыйыны өтөт | eldik.media is a little boring.
    You ought to look at Yahoo’s front page and see how they write
    news titles to grab people to click. You might add a related
    video or a picture or two to get people excited about
    what you’ve written. In my opinion, it could bring your posts a little bit more interesting.

    Feel free to surf to my web page – cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: