Ирактагы Кыргызстандык балдарды алып келүү маселеси талкууланды

128

Бүгүн Ирактагы Кыргызстандын жарандарынын балдарын кайра алып келүү маселесин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм талкуулашты.

Жолугушууда алгач министр Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Кыргызстандагы Балдар фондунун жаңы дайындалган өкүлү Кристин Жольмду анын ушул кызматка келгени менен куттуктады. Ошондой эле, Жольм аны дайындоо тууралуу ЮНИСЕФ жетекчилигинин ишеним катын Айдарбековго тапшырды. 

Андан соң эки тарап Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын, атап айтканда, балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшундө министр Ирактагы кыргыз жарандарынын балдарын кайра алып келүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Биз, өлкөнүн компетенттүү органдары менен биргеликте бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Балдар кырдаалдын айынан жабыркабашы керек. Бул маселеде биз ЮНИСЕФтин жардамын  күтөбүз”, – деп билдирди Айдарбеков.

Ал эми Жольм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу ниети үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирип, уюмдун бул демилгени колдоого даяр экендигин айтты.  Балдарды кайра алып келүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө зарылдыгын жана кайра алынып келингенден кийин балдардын коомго интеграциялануусунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь