Кыргызстанды кыдырып жүргөн туристтер таксиге баалуу буюмун унутуп коюшкан (видео, сүрөт)

83

Россиядан келген Александр Полукаров жана Андрей Чистых, Жети-Өгүз районундагы «Көк-Жайык» жайлоосун көргөндөн кийин, Каракол шаарына такси менен келишип, автоунаада рюкзагын унутуп калышкан.

Рюкзагтын ичинде фотоаппарат болгонун жана анда жеке эле Ысык-Көл облусунда эмес, бүткүл Кыргызстанда саякатта жүргөн сүрөттөр тартылганын айтышкан.

Каракол шаарындагы туристтик милициянын кызматкерлери орус жарандары жоготкон буюмду 30-июль күнү бир сааттын аралыгында таап беришкен. Туристтик милиция жүргүнчүлөрдү ташуу фирмалардын диспетчерлер аркылуу туристтерди шаарга жеткирген айдоочуну аныктап табышып, баалуу буюмду туристтерге кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Россиядан келген туристтер милиция кызматкерлеринин көргөзгөн оперативдүү иш аракеттерине тереӊ ыраазычылыктарын билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь