Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон орусиялык альпинистке таандык куржун жана визитка табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдиргендей буюмдар 30-июль күнү саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктиктен табылган.

30-июль күнү издөө иштерине ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, “Ак-Сай Трэвел” туристик компаниясынын 6 куткаруучу жана бир тик учак тартылган.

Белгилей кетсек, орусиялык алпинист 27-июлдан бери изделүүдө.  Ал акыркы жолу Ленин чокусунан түшүп баратып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыккан. Ошол бойдон дайыны чыкпай калган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: