Мал базардан жаш жигитке бычак сайып өлтүргөн шектүү кармалды

90

Аламүдүн районундагы мал базардан жаш жигитке бычак сайып өлтүргөн 35 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

28-июль күнү Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылында бир адам бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо барып, 27 жаштагы Т.Ж., аттуу жаранга бычак сайылганын аныкташкан. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 130-берене (“Киши өлтүрүү”) боюнча каттоого алынган. Бул окуя боюнча шектүү катары 35 жаштагы М.Б., аттуу жаран Бишкекте кармалып, учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, ал окуя эки жигиттин ортосундагы чырдан улам келип чыккан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь