Нарындагы жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 10 киши жабыркады

169

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлагандай  кечээ, 30-июлда болжол менен саат 09:20да Нарын-Баетов унаа жолунун 35-чакырымында (Үгүт айылы) “Тойота-Ипсум” жана “Нисан-Сефиро” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. «Ниссан Цефиродо» бала-чакалары менен 7 адам, «Тойота Ипсумда» 5 адам болгон.

Кырсыктын кесепетинен 1965-жылкы Д.Т., жана 2018-жылкы Р. кызы А., каза болуп, 10 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь