30-июль күнү Кыргызстандын кээ бир телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиедин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу саясат таануучу Алмазбек Акматалиев өз пикирин билдирди. Анын айтымында, мындай кадам сөзсүз түрдө коомдогу чыңалууга алып келет. 

” Негизи бул жышаан эң туура эмес! Бакиев бул Кыргыз Республикасынын соту менен соттолгон инсан! Өтө оор кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган! Сөз эркиндигине жамынып алып бул маселени козуткан, кайра жандандырган сөзсүз түрдө ал режимди актоого аракет деп коомчулукта бааланат! Бул болсо сөзсүз түрдө коомдогу чыңалууга алып келеери айдан ачык! Бул маселени регионалдык тирешүү максатында колдонулуучу саясий күчтөр четинен чыгат! Ошол үчүн бул телеканалдардын кожоюндарын, журналистерин жоопкерчиликке чакыраар элем! Араң турган жараны кайра ырбатпагыла! Бул чоң жанжалга алып барчу, жоопкерсиздик, караөзгөй, элбузаар саясат болуп калат! Кыргызстанга мунун бүгүн кереги жок!” -деген пикирин калтырган.

Ал ошондой эле NewTV телеканалынын жетекчиси Нурлан Шакиевге кайрылып, мындай чагымчыл иштерди токтотууга чакырды.

” Нурлан мырза, NewTV нин жетекчиси! Сиз мекенчил, мамлекетчил, улутман инсансыз! Коомду кантип бат эле будуң чаңга салып койсо болот дегенди да түшүнөсүз! Мурунку министр катары, мамлекетти башкаруу да оңой олтоң иш эмес экенин жакшы түшүнөсүз! Эгер азыркы Өкмөткө, бийлике көзүңүз чын эле түз болсо, эгер Сиз элге тынччылык жана өнүгүүнү чын ниетиңизден кааласаңыз, мындай чагымчылдыкты токтотуңуз! Сураныч!”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: