Америкалыктар уй менен кучакташуу үчүн саатына 75 доллар төлөшөт. Нью-Йоркто жайгашкан Mountain Horse Farm чарбалык мейманканасы келген кардарларга уй менен кыса кучакташкан терапияны сунушташат.

Бул кызматтын баасы саатына 75 долларды түзүп, бир адам бир күндө экиден көп эмес жолу колдоно алат. Ошондой эле меймандарга Бонни жана Белла аттуу эки мүйүздүү жаныбар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп жазат Oddity Central.

Администрация келген конокторго уйду сылоо жана кучактоо алардын эркине каршы болбоосу керек деп эскертет.

Уйлар өзүнүн эмпатиясы менен адамдардын кайгы-муңун сезип аларга жардам бере алат деп эсептейт фермерлер.