Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кирпич заводун сел каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери бүгүн да уланууда.

30-июлдун кечинде Жолголот айылында нөшөр жаандан улам сел өтүүчү каналдан суу ашып, кирпич чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.

Аталган жерге ыкчам чара көрүү максатында ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, заводдун өзүнөн бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: