“NewTVнын” директору Бакиевдер тууралуу тасма боюнча түшүндүрмө берди

98

“NewTV” телеканалынын директору Нурлан Шакиев өзүнүн телеканалында көрсөтүлгөн Бакиевдерди жактаган тасма боюнча түшүндүрмө берди.

“Тасманын ичинде эч кандай саясат жок. Болгону Бакиевдин балалык чагы, окуучулук күндөрү, классташтары менен болгон мамилеси тууралуу тасма. Аны Бакиевдин классташтары даярдап берген. Ар кандай тагдырлар болот да, биз аларды көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн укугубуз чектелүү эмес. Бул жерде биз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген оюбуз болгон эмес. Биздин телеканал жеке болгон үчүн эч кимди колдобойбуз.”

“РЕПОРТЕР” агентигинин, “NewTV” телеканалы Бакиевдер менен жакындыгы бар деген кептер канчалык деңгээлде чын?”  деген суроосуна:

“Буга чейин да, бул тасманы көрсөтөрдө да Бакиевдер менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес. Бизди буга чейин Икрам Илмияновго, Асылбек Жээнбековго, Раим Матраимовго  жабыштырды. Эми Бакиевдерге жабыштырып жатышат. Эртең Атамбаевге жабыштырса таң калбайым”,  – деди Шакиев.

Ал эми УКМКнын басма сөз өкүлү Кубан Арзыкулов телеканалдарга жарыяланган тасмага юридикалык баа азырынча берилбей турганын айтты.

“Биз бүгүн эскертүү билдирүү тараттык.  Мен азырынча толук айта албаймын, балким каралат же эскертүү менен эле чектелебиз”, – деди Арзыкулов.

30-июль күнү “NewTV” жана НурТВ телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиедин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу УКМК атайын билдирүү таратып, коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскерткен.

Булак: reporter.kg

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь