Августтун башында мээ кайнаткан ысык болот

Синоптиктердин тараткан билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда адаттан тыш ысык болот.

Маалыматка караганда, 2-3-август күндөрү күн өзгөчө ысыйт.

Чүйдө күндүзгү температура 37…39 градуска чейин барса, түштүк тарапта 39-41 градуска жетет.

6-9-август күндөрү Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +38…+40, Таласта +36…+38 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл, Нарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен менен Оштун тоолуу аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь