Американын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, токой өртүнө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады. Бул тууралуу “РИА Новости” Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, Сүйлөшүү Ак үйдүн демилгеси менен өткөнү белгиленген. Путин Трамптын сунушуна ыраазычылык билдирген. Орусия лидери эгер жардам керек болсо, кабыл аларын айткан. Путин Американын сунушу эки өлкөнүн толук форматтуу мамилелеринин жанданышынын башаты экенин белгилеген.

Ал эми АКШ телефондук сүйлөшүүлөр боюнча азырынча үн ката элек.

Эске салсак, Путин токой өртүн өчүрүүгө Коргоо министрлигин тартууга буйрук берген. Орусиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: