Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевди даңазалап көрсөткөн телеканалдарды жабууну талап кылышууда. Бүгүн бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, ал телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берүү жетишсиз чара экенин билдиришкен.

“Саясат жок деп билдиришти, бирок мындан артык кандай саясат болушу керек? Же элдин пикирин даярдап жатышабы? Же бизди шылдыңдаганыбы? Өкмөттөн бул каналдарды жабууну талап кылабыз”- деди «Мекен шейиттери» уюмунун тең төрайымы Гүлмира Абдылдаева.

Белгилей кетсек, 30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары Бакиевди жактап, 1-августта белгиленүүчү 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: