Бишкекте чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүүдө

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында  Кыргызстандын Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны башталды.

Отурумга чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын өкулдөрү, элчилер жана мамлекеттик органдардын  жетекчилери катышууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Кеңештин жыйынынын  алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушуусу жана күн тартибине ылайык секцияларда иштейт.

2-августта, Кеңештин жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт.  Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат.

Кыргызстандын Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңеш  2018-жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен түзүлгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь