ВИДЕО: Ош шаарында кайрадан май куючу жайдан өрт чыкты

129

31-июль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонундагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан «Петролеум-ред» май куюучу жайында чыккан өрт саат 23:45те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби май куюуучу жайдын алдында токтоп турган май ташуучу унаадан чыккан. Бул боюнча шаардык милицияга кабар 22.18де келип түшкөн. Белгилүү болгондой 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткен. Өрт станциянын өзүнө жеткен эмес.

Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Эске салсак, 20-мартта дагы Ош шаарында май куючу жайдан өрт чыккан. 26-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов автоунааларга май куюучу жайлардын (АЗС) ээлери менен жолугушуп, шаардын ичинде мындан ары май куюучу бекеттерди курууга уруксат берүү токтотулганын, мурда курулуп иштеп жаткан жайларды бузуу маселеси соттун чечиминен кийин анык болоорун айткан болчу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь