“Дарак ыры” мюзикли кабелдик Life телеканалы эфирден автордун уруксааты жок кеткени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп нааразы болду тасманын жаратуучулары. Бул тууралуу Толкун Дайырбекова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“28-29-июлда аталган телеканал “Дарак ыры” тасмасын эч кандай уруксаты жок эфирден көрсөткөн. Уруксааты жок эфирден кетиргени үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн юристтер менен кеңешип жатабыз. Тагыраагы, Life телеканалы мындай иш-аракеттерин токтотуп, жеке укукту бузгандыгы компенсация төлөп бериши керек. Эгер анын арызы каралбаса, анда мюзиклдин жаратуучулары соттук органдарга кайрылат”, – деп  билдирген.

Central Asia Film студиясы жана КТРК гана “Дарак ырын” көрсөтүү укугуна ээ. Толкун Дайырбекова Кыргыз өлкөсүндөгү телеканалдарды, интернет булактарын фильмди уруксатсыз алып көрсөтпөөгө чакырды. Эгер автордук укукту бузгандар болсо, административдик, кылмыш жана жарандык-укуктук жоопкерчилигине тартылат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: